Akchabarsearch
Жумабеков: Инфляцияга жараша айлык көтөрүлүп турсун деген мыйзам кабыл алуу керек

Жарыяланган

2026-26-05, 16:33

Жумабеков: Инфляцияга жараша айлык көтөрүлүп турсун деген мыйзам кабыл алуу керек

Кыргызстанда инфляцияга жараша айлык көтөрүлүп турсун деген мыйзам кабыл алуу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Дастан Жумабеков билдирди. 

Жумабековдун айтымында, Түркияда айлык акы инфляцияга жараша жылына эки жолу көтөрүлүп турсун деген мыйзам бар. Ага ылайык, аларда маяна автоматтык түрдө жылына эки жолу көтөрүлүп турат.

Кыргызстанда да ошондой мыйзам кабыл алынса, мамлекеттик же жеке мекеме-ишкана дебей, инфляцияга жараша айлык акы көбөйтүлүп турмак. 


Тектеш материалды окуу