Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

29.03.2024, 06:35

“Бишкекгаз” калкты тейлөө борбору беш күндүк иштөө режимине өтөт. Компаниянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, мунун себеби жылуулук берүү мезгилинин аякташына байланыштуу.

Ага ылайык, 30-марттан тарта калкты тейлөө борбору ишемби күндөрү иштебейт. Бирок дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 8:00дөн 17:00гө чейин түшкү тыныгуусуз иштейт.

Тейлөө борбору Максим Горький, 22 дарегинде жайгашкан.


Читать похожее