Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    01.06.2020, 10:30

    Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов бүгүн, 1-июндан тарта кайсы ишкерчилик субъекттердин иши жанданганын жана 5, 8-июндан тарта кайсы тармактар иштеп баштай турганын айтып берди.

    [news 24759]

    Анын айтымында 1-июндан тарта төмөнкү экономиканын субъекттери ишин жандандырууда.

    1. Керектөөчү товарларды жана тамак-аш азыктарын өндүрүү жана соода-сатык чөйрөсүндөгү иштин бардык түрлөрү;

    2. Калкты тейлөө кызматтары тармагындагы иштин бардык түрлөрү;

    3. Аудит жана консалтингдик компаниялар;

    4. Жарнама агенттиктери;

    5. Туристтик жана рекреациялык объекттер (эс алуу үйлөрү, пансионттар, тарыхый жайлар ж.б.), жеке унаалар менен саякаттоо шарты менен.

    5-июндан тарта:

    1. Бала бакчалар;

    2. Билим берүү борборлорунун ишмердүүлүгү (тил курстары жана билим берүү кызматтарынын башка түрлөрү) санитардык-гигиеналык ченемдерди жана окуучулар арасында аралыкты сактоо шарты менен).

    8-июндан тарта:

    1. Ички аба каттамы ("Бишкек-Ош" каттамы).

    Төмөнкү багыттар боюнча чектөөлөр калтырылат:

    - маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана массалык иш-чараларын өткөрүү;

    - көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү (түнкү клубдар, караоке, кальян ж.б.);

    - интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;

    - кинотеатрлардын ишмердүүлүгү;

    - соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан тамактануу жайларынын (фуд-корттор) ишмердүүлүгү;

    - балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү (анын ичинде соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан);

    - автобус, кичи автобус менен шаарлар жана аймактар ортосунда жүргүнчүлөрдү ташуу.


    Читать похожее