Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

15.11.2023, 04:15

Бишкекте көчөлөр кайрадан тосулат. Бул ирет КМШ мамлекеттеринин парламенттер аралык ассамблеясы болот.

Расмий иш-чара ордо калаада эртең жана бүрсүгүнү өтөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, делегациялар келген учурда Манас, Айтматов, Жибек Жолу проспектилери, Фучик, Байтик Баатыр, Медеров жана Юнусалиев көчөлөрү маал-маалы менен тосулат.

Шаар тургундарына абалды түшүнүү менен кабыл алып, каттамдарын эртелеп түзүп алуу сунушталат.


Читать похожее