
Опубликовано
16.01.2024, 03:00Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире 30-январдан тарта көтөрүлөт. Токтом долбоорун шаардык кеңеш кабыл алды.
Документке ылайык, коомдук транспорттун бардык түрүндө жол кире накталай 20 сом, накталай эмес 17 сом, ал эми мамлекеттик мобилдик оператордун тиркемесин колдонуу менен 11 сомду түзөт.
Эске салсак, жаңы тарифтер кечээ, 15-январдан тарта күчүнө кирмек, бирок майрамдык эс алуу күндөрүнө байланыштуу тийиштүү токтомду даярдоо аягына чыга электиги айтылган.



