Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    11.05.2020, 06:30

    Бишкекте кошумча эки Калкты тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

    [news 23976]

    «Жаш Гвардия бульвары 4 дарегинде жайгашкан 3-Калкты тейлөө борборунда жарандардын топтолуусун төмөндөтүү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын «Инфоком» мамлекеттик ишканасы Бишкекте кошумча Калкты тейлөө борборлорун ачуу процессин тездетти», - деп жазылат маалыматта.

    Каттоо кызматынан белгилешкендей, жаңы ачылып жаткан эки борбор шаардагы Калкты тейлөө борборлору менен бирге 21-майдан тарта иштеп баштайт.

    Бүгүнкү күндө ал Калкты тейлөө борборлорунда оңдоп-түзөө иштери аяктап жатат.

    Каттоо кызматынын даректери:

    1. Ленин району, «Фрунзе» ГМ, Садырбаев көчөсү 107 - Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши;

    2. Биринчи Май району, мурунку ЖААК кеңсесинин имаратында, Тоголок Молдо көчөсү 21 (Фрунзе көчөсү менен кесилишет).

    Алар чоң Калкты тейлөө борборлорунан айырмаланып, жарандарга төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:

    • 2004 жана 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштыруу

    • 16 жашка толгондо (16 жаштагылар)

    • Жаш балдарга жалпы жарандык паспорт

    • 2004 жана 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттордун жоголушу

    • ПИН

    • Сүйүнчү

    • Даяр паспортторду берүү

    • Чет өлкөлүк жарандарды каттоо

    • Жарандарды убактылуу турган жери боюнча каттоо

    • Жарандарды жашаган жери боюнча каттоо

    • Туулгандыкты каттоо

    • Өлгөндүктү каттоо

    • Аталыкты аныктоону каттоо

    • Никеге турууну каттоо


    Читать похожее