Бишкекте жаңы экспресс каттамдар ачылууда. Буга чейин борбор калаанын мэриясы аталган каттамдарга жаңы тарифтерди бекитүү боюнча токтомдун долбоорун коомдук талкууга койгон.
4-июлда Бишкек мэри Айбек Жунушалиев бул тарифтерди бекиткен.
Ошентип, жол кире төмөнкүдөй болот:
- кичи жана өзгөчө кичи класстагы муниципалдык экспресс автобустарга - 50 сом;
- муниципалдык экспресс автобустарда (кичи жана өзгөчө кичи класстагы автобустардан башкасы) жол кире акысын накталай эмес формада төлөөдө - 40 сом, накталай - 50 сом;
- №153 экспресс муниципалдык каттамда (12-кичирайон - Манас аэропорту) жол кире акысын накталай төлөгөндө - 140 сом, накталай эмес түрдө - 122 сом.