Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    07.04.2020, 05:30

    Кыргызстанда бизнеске жардам көрсөтүү боюнча маселе каралып жатат. Ошол себептен, өлкөнүн жетекчилери донорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

    [news 22912]

    Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда бизнести колдоо боюнча эки булак бар - Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун убактылуу каражаты жана эл аралык донорлор.

    «Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен 150 млн $ каражат алуу боюнча алдын-ала сүйөшүүлөрдү жүргүздүк. Бул каражаттын 50% Кыргызстанга гранттык негизде берилет. Биз азыр бул каражаттарды пайдалануу боюнча сунуш даярдап жатабыз. Андан сырткары, Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы менен дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп билдирди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

    Андан сырткары, вице-премьер-министр өкмөт салык төлөмдөрүнөн толугу менен бошото албарын билдирген.

    Эске сала кетсек, буга чейин Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы өнүгүп келе жаткан 38 өлкөгө коронавирус илдети менен күрөшүү боюнча 1 млрд евро каражат бөлөрүн билдирген.


    Читать похожее

    • 09.10.2020, 00:30:20
    • 07.10.2020, 22:15:34
    • 10.07.2020, 00:30:48
    • 11.06.2020, 05:30:09