Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

14.05.2024, 04:46

15-16-майда Бишкек шаары жана Чүй облусундагы айрым көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет. Мунун себеби Малайзиянын премьер-министринин Кыргызстанга иш сапары менен байланыштуу экенин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Ага ылайык:

  • "Манас" эл аралык аэропорт жолунан Бишкек шаарынын чегине чейин;
  • Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Жибек-Жолу көчөсүнө чейин;
  • Жибек-Жолу көчөсү Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
  • Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
  • "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан тартып, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Читать похожее