Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    28.04.2022, 08:03

    Ысык-Ата районунун Кант шаарында өсүмдүк майын чыгаруучу чакан ишкана ачылды. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

    Маалыматка ылайык, аталган ишкана суткасына 12 тоннадан ашуун өсүмдүк майын иштетип чыгаруучу өндүрүштүк кубаттуулукка ээ.

    Белгилей кетсек, ишкананын ачылышына айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев, Ысык-Ата районунун акими Нуралы Курмантаев, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бек Жекшенбаев, Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев жана башкалар катышышты.

    .


    Читать похожее

    • 20.05.2024, 21:43:58
    • 16.05.2024, 05:30:48
    • 28.04.2022, 02:03:37