akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    18.12.2020, 06:15

    Декабрда «Кепилдик фонддун» кызматкерлери Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы Дүйнөлүк Банктын долбоорунун алкагында иштеген сүт өндүрүүчү топтор арасында сурамжылоо жүргүздү. Бул тууралуу фонддон маалымдашты.

    [news 30798]

    Жыйынтыгында, фонд комитети Көк-Сай айылынын сүт өндүрүүчүлөрүнүн 20 тобунун мүчөлөрүнө жалпы суммасы 11 млн 218 миң сомдук насыя бөлүү чечимин кабыл алды.

    Белгиленгендей, насыялар үстөк пайызсыз ар бир адамга 1.2 миң доллардан 10 айдан 3 жылдык мөөнөткө чейин берилет.

    Кошумчалай кетсек, 2019-жылдан үстүбүз0дөгү жылдын 17-декабрына чейин «Кепилдик Фонду» жалпысынан 113.9 млн сомго 1.6 миң кредит берген.


    Читать похожее

    • 02.08.2024, 03:15:40
    • 18.07.2024, 01:45:01
    • 17.06.2024, 02:37:56
    • 14.05.2024, 21:35:06