Опубликовано
29.05.2024, 05:01Акыркы эки жарым жылда “Кумтөр” кени 300 млн доллар киреше берди. Бул тууралуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров Бишкекте өткөн форумда билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик активдер 2015-жылы 310 млрд сомду, 2020-жылы 420 млрд сомду түзгөн же беш жыл ичинде 1,5 эсеге өскөн. Учурда мамлекеттик активдер 824,2 млрд сомду түзүп, акыркы үч жылда эки эсеге өстү.
“1994-жылдан 2021-жылдын май айына чейин “Кумтөрдөн” түшкөн дивиденддер 100 млн долларды түзсө, акыркы эки жарым жылда 300 млн доллар киреше таптык.”, - деди Акылбек Жапаров.