Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

11.05.2023, 05:50

Бишкектин Ленин округу боюнча шайлоочулардын тизмеси такталды. Ага ылайык, 28-майда 124 миң 671 шайлоочу добуш бере алат.

Боршайкомдун маалыматына караганда, жарандар өздөрүнүн бар-жоктугун “Тизме” мамлекеттик порталынан текшере алат. Андан өзүн таба албагандар аймактык шайлоо комиссиясына кайрылышы керек.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагынан Жогорку Кеңеш депутатын шайлоо 28-майда өтөт. Жарышка 32 талапкер катталды.

Кайрадан шайлоо өткөрүүгө 18 миллион сом жумшалат.


Читать похожее

  • 04.07.2024, 21:45:53
  • 13.06.2024, 00:45:43
  • 10.06.2024, 00:45:34
  • 09.06.2024, 21:10:08