Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

14.05.2024, 09:44

Ош шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы жумуш издеген жарандар үчүн кесиптердин жарманкесин уюштурду. Бул тууралуу тиешелүү министрликтен билдирди.

Белгиленгендей, 45 компания экономиканын ар кайсы тармактарында 2 миңден ашуун бош жумуш орундарды тапшырышты. Ошондой эле, ишке орноштурууга көмөктөшүү, кесиптик даярдоо боюнча консультациялар, иш берүүчүлөр менен алгачкы маектешүүлөр жана ар кандай темадагы мастер-класстар уюштурулду.

Ага 1 миң 500дөн ашык жумушсуз жарандар, жаштар, ЖОЖдордун жана мектептердин бүтүрүүчүлөрү катышты.

Жарманке Миграция ресурстук борборунун колдоосу менен JIA Бизнес Ассоциациясы менен биргеликте уюштурулду.


Читать похожее

  • 19.08.2024, 03:32:04
  • 21.07.2024, 23:50:41
  • 19.06.2024, 00:00:47
  • 16.06.2024, 22:03:41