Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

29.08.2023, 04:15

Ленин округу боюнча кайра шайлоодо имараттан тышкары добуш бере тургандардын тизмеси 2-сентябрга чейин түзүлөт. БШКдан билдиришкендей, ага ар кандай себептерден улам шайлоо участогуна келе албаган же ооруканада жаткан жарандар кирет.

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү шайлоого бир күн калганда, тагыраагы, 9-сентябрда болот.

Учурда аталган бир мандаттуу шайлоо округу боюнча үгүт иштери жүрүүдө.

Жогорку Кеңешке депутат болууга жалпысынан 34 талапкерден арыз түшкөн. Боршайком алардын 25ин каттаган.


Читать похожее

  • 04.07.2024, 21:45:53
  • 13.06.2024, 00:45:43
  • 10.06.2024, 00:45:34
  • 09.06.2024, 21:10:08