Опубликовано
27.06.2024, 08:15Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 781 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1008 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 460 куб метрди түзүүдө.
Буга карабай, өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.