Буга чейин Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан жактырылган «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасын жүзөгө ашырууга учурда 10 коммерциялык банк катышууда.
Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашкандай, алар;
Буга чейин ишкердик субъекттерге жеңилдетилген насыя берүү үчүн Кыргызстандын Финансы министрлиги тарабынан жогоруда аты аталган коммерциялык банктарга «Ишкердик субъекттерин каржылоо» программасынын алкагында 2,2 млрд сом бөлүнүп берилген.
Ошондой эле коммерциялык банктардан келип түшкөн арыздарга жараша тизме кеңейтилет.
Белгилей кетсек, программа социалдык-экономикалык туруктуулукту калыбына келтирүүнү жана камсыз кылууну, коронавирус инфекциясынын жайылуу шартында ишкердик субъекттерди колдоону жүзөгө ашырууга багытталган.