Медициналык кадрлардын резервине 870 адам кирди

30.06.2020, 09:05 Акчабар
Медициналык кадрлардын резервине 870 адам кирди

Кыргызстанда COVID-19га байланыштуу түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, азыркы учурда кадрлар резервине киргизүү үчүн медицина кызматкерлеринин тизмеси түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жалпысынан тизме боюнча 870 адам, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 518, Чүй облусу – 42, Ысык-Көл облусу – 76, Талас облусу – 70, Нарын облусу – 67, Жалал-Абад облусу – 8, Баткен облусу – 48, Ош и шаары жана Ош облусу – 41, анын ичинде 207си медициналык билим берүү уюмдарынан.

Бардыгы болуп резервде 302 ординатор бар.

Резервдегилердин мультидисциплинардык медициналык бригадаларын окутуу үчүн 5 күндүк программа иштелип чыкты.

Стационарлардын жана жогорку окуу жайларынын кафедраларынын базасында практикалык сабактарды өтүү менен аралыктан окутуу пландалууда. Окутуу 2020-жылдын 30-июнунда башталат.

Тэги: Кыргызстан COVID-19 эпидемиология

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть