MegaCom штаттык режимде иштеп жатат

07.10.2020, 16:00 Акчабар
MegaCom штаттык режимде иштеп жатат

ЖАК «Альфа Телеком» штаттык режимде иштеп жатат. Калкты байланыш менен жана стратегиялык объекти катары болгон MegaCom компаниясынын башкы кеңсесин, анын мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында, ыктыярдуу элдик күзөтчүлөр уюлдук оператордун имаратына келишкен.

6-7-октябрда үчүнчү жактар ​​ЖАКты басып алууга жана компаниянын жетекчисинин кеңсесин ээлөөгө аракет кылышкан, бирок элдик кошуундун өкүлдөрүнүн колдоосу менен өзүн-өзү кызматка дайындаган адамдар Альфа Телекомдун башкы кеңсесинин имаратынан чыгып кетишкен.

Белгилей кетсек, Суранчиев Абдулда MegaCom компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу. Компания ишмердүүлүгүн мыйзамдын алкагында жүргүзөт. Анын ичинде ЖАКтын жогорку жетекчилигин жана ишкананын башкы директорун кадрдык дайындоо маселелери жана анын чечими Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун компетенциясына кирет.

Тэги: ЖАК «Альфа Телеком» штаттык режим мүлк уюлдук оператор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть