Мэрия «стихиялык» соода менен күрөшүү үчүн УКМКдан жардам сурайт

26.01.2021, 15:10 Акчабар
Мэрия «стихиялык» соода менен күрөшүү үчүн УКМКдан жардам сурайт

Борбор калаадагы чоң базарлардын айланасындагы «стихиялык» соода менен узак күрөшкө карабастан, бул маселе азыркы күнгө чейин актуалдуу.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, шаардыктардан кээ бир кызмат адамдарына, кызматтык абалын пайдаланып мыйзамсыз стихиялык соода жагынан өзүнүн колдоочулугу үчүн акча каражаттарын алып жатышат деген арыз түшүп жатат.

Бул фактылар шаардагы Ош, Аламедин жана Ортосай базарларынын айланасында болуп жатат.

«Бул абал менен пайдаланып ар кандай саясий топтор борбордогу кырдаалдын туруксуздугуна шек келтирүүгө аракет кылышы ыктымал. Ага байланыштуу шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттине текшерүү өткөрүү үчүн кат жөнөттү», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, стихиялуу соода менен күрөш шаар боюнча күчөтүлөт.

Тэги: Бишкек мэриясы чоң базар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть