Ошко Өзбекстандан сатып алынган автобустардын биринчи партиясы келди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-мартка чейин калган автобустар жеткирилет. Коомдук транспорт Самарканд унаа заводунда өндүрүлгөн.
Эске салсак, буга чейин “Акчабар” кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу Ош шаарына лизингге 100 автобус алынарын жазган.