Соцфонддун төрагасы багарынан айрылгандар канча акча аларын айтты

09.02.2024, 14:10 Акчабар
Соцфонддун төрагасы багарынан айрылгандар канча акча аларын айтты

2021-жылга чейин багуучусунун бирөөсү каза болсо, пенсиянын базалык бөлүгү 700 сом болуп келген. 2021-жылы президент Садыр Жапаровдун жарлыгы чыккан. Жарлыктын негизинде ал 3 миң сомго чейин жогорулаган. Бул тууралуу "Акчабарга" Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Ал эми бала ата-энесинин экөөсүнөн тең ажыраган болсо, пенсиянын базалык бөлүгү 6 миң сомго көтөрүлгөн.

"Камсыздандыруу төгүмдөрүн төгүп жүргөндүктөн, жаран пенсия курагына жетпей каза болсо, балдарына пенсия төлөнүп берилет", - деди Алиев.

Тэги: Соцфонд Бактияр Алиев пенсия багар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть