Талас районунун Кара-Ой айылында жаңы маданий-спорттук комплекстин, 30 орундуу тигүү цехи жана реконструкцияланган айылдык музей ачылды.
Ошондой эле, 1927-28-жылдары курулган “Көк Арык” орто мектебинин ордунда азыр айыл тарых музейи пайда болду. Имаратты капиталдык оңдоого жана реконструкциялоого жергиликтүү бюджеттен 6,3 млн сом бөлүнгөн.
Кара-Ой айылында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 43,2 млн сомго маданий-спорт комплекси курулду. Волейбол, кичи футбол, баскетбол жана башка спорттук, маданий иш-чараларды өткөрүүгө бардык шарттар түзүлгөн.
Муну менен катар Кара-Ойдо инвестордун жардамы менен кийим тигүүчү ишкана ачылды.