Apple Card ээлери криптовалюта гана эмес, казиного фишка, лотереялык билет жана тотализаторлорго ставка кое албайт. Бул тууралуу vc.ru сайты билдирип чыкты.
Apple Reuters берген суроолоруна жооп беришкен жок, ал эми өнөктөш болгон Goldman Sachs банк комментарий берүүдөн баш тартты.
Apple компаниясы Apple Card тууралуу 2019-жылдын март айында жарыялап, түшүндурмо берген. Анда виртуалдык карта ээлери Apple Wallet тиркемесине туташып, Apple Pay аркылуу баардык төлөм операцияларын жайсай алат деп айтылган. Анда компания картада анын ээсинин аты жөнү жазыларын билдирген.
2019-жылдын июлдун аягында Apple компаниясынын жетекчиси Тим Кук билдиргендей, Apple Card ушул жылдын авгусутунда жарыкка чыгат. Азырынча, бул карта америкалыктарга гана жеткиликтүү. Азырынча, Apple CardРоссия жана башка мамлекеттерде пайда болоору азырынча белгисиз.