Кыргызстандык эмгек мигранттары май айында $194.3 млн сом которушту. Негизги сумма адаттагыдай эле Россиядан $190.2 млн келип, ал жалпы сумманын 97.9% барабар.
Расмий маалыматтарга караганда Кыргызстанга кирген акчанын агымында $67.7 млн аз болду. Анткени, былтыр дал ушул мезгилде $262 млн мигранттар мекенине которгон.
Айтмакчы, Россиядан келген акчанын агымы азайган. Ушул эле маалда КМШ башка мамлекеттеринен акча салуу $700 000 жогорулаган.