Өзгөчө кырдаалдарга өзгөчө көңүл буруу керек

11.07.2019, 15:47 Акчабар
Өзгөчө кырдаалдарга өзгөчө көңүл буруу керек

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана калкты суу менен камсыздоо боюнча жыйын өткөрдү.

[news 16062]

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдон, «Улуттук энергетикалык холдинг компания» башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаровдон жана Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин башчысы Көкүмбек Таштаналиевден тиешелүү маалымат алды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов акыркы күндөрү Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Нарын обустарынын айрым тоолуу аймактарында сел жүрүү көбөйгөнүн билдирди. Жер жерлерде министрликтин кызматкерлери селдин кесепетин жоюу иштерин жүргүзүүдө.

Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө кырдаалдар учурунда бардык тиешелүү органдар ыкчам жана биргелешип иш алып баруу керектигин баса белгиледи.



«Биздин айыл жана шаарларды сел, жер титирөө, жер көчкүдөн коргоо үчүн жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу үчүн сапаттуу комплекстүү иш аткарышыбыз керек. Жарандардын өрт жана суудагы коопсуздугуна, өзгөчө жаш балдардын коопсуздугуна көңүл бурууңуздарды өтүнөм. Туристтик сезондун активдүү этабынын башталышына байланыштуу, бардык курорттук аймактарында жана башка көп эл чогулган жерлерде коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл. Элдин коопсуздугу алдын алуу иш-чаралардын сапатына жараша болот», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

 


Жыйындын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдардан турак жайларды камсыздоо маселеси дагы каралып, ал үчүн жергиликтүү жашоочуларга, айрыкча өлкөнүн кооптуу аймактарында жашаган калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги айтылды.

Мухаммедкалый Абылгазиев жыйындын жыйынтыгында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу