Түштүк Корея Өзбекстанга 1 миллион долларлык гуманитардык жардам берди

28.04.2020, 10:30 Акчабар
Түштүк Корея Өзбекстанга 1 миллион долларлык гуманитардык жардам берди

Түштүк Корея Өзбекстанга 1 миллион долларлык медициналык каражаттар жүктөлгөн атайын учак жөнөттү. Бул тууралуу өзбек басылмалары кабарлашты.

Гуманитардык жүктүн 6,2 тонналык алгачкы партиясында 900 миң долларга бааланган заманбап медициналык жабдуулар, автоматтык механизмдеги медициналык керебеттер жана коронавирусту аныктоочу тест-системалар бар. Жүк «Uzbekistan Airways» компаниясынын чартердик учагы менен жеткирилди.

Мындан тышкары Өзбекстан Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги бөлгөн 250 миң долларга 20 миң даана коронавирусту аныктоочу тест-системаларды сатып алды.

Кореядан келген медициналык каражаттар менен жабдуулар Өзбекстанда карантиндик иш-чараларды уюштурууда, илдетти аныктоо жана дарылоодо, ошондой эле бейтаптардын саламаттыгын калыбына келтирүүдө пайдаланылат.

Тэги: Түштүк Корея Өзбекстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу