Атамбаевдин салыктан жашырган 40 млн сому аныкталды

03.07.2019, 11:43 Акчабар
Атамбаевдин салыктан жашырган 40 млн сому аныкталды

Кыргызстандын Финполициясы  салыктан качкан Оштук ишкер Жалил Атамбаевдин фактысын аныктады. Эскерте кетели,  «Ош: «Салыктан качкан ишкер », -деген журналисттик иликтөө  «Азаттык» радиосу тарабынан ушул жылы жарыяланган.

Журналисттин публикациясы 2019-жылы апрелде Бирдиктүү  реестрде Кылмыш -Жаза кодексинин 232 беренеси боюнча катталып, анда  «Салыктан качуу (же башка)милдетүү төлөм жасабагандыгы» үчүн айып тагылган. Ошондо, видео материалды иликтөө  боюнча атайын тергөө комиссиясы түзүлгөн. 

Изилдөөдө  ар кандай компания менен уюмдар салыктан качкан деп айтылган. Алардын баардыгы Оштук ишкер Жалил Атамбаевге тиешелүү  же анын туугандарынын карамагына кирген компаниялар деп берилген.Тергөө  тарабынан ар кандай текшерүүлөр жүргүзүлүп, салыктары тыкыр текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында, ар кайсыл компаниядан 40 млн сом салык төлөнбөгөнү  аныкталды:

  •  «А.Д.» ЖЧК — 28 млн сом;
  •  «О.О.» ЖЧК —  12 млн сом.

Бишкектеги Биринич май райондук сотунун өкүмүн ишке ашыруу максатында Жалил Атамбаевге тиешелүү  Оштогу фирма менен компаниялар текшерилип, финансы-чарбалык документтери тергөөгө алынган. 

«Жалил Атамбаевге тиешелүү «Б.» ЖЧК   команиялардын биринен салыкчылардын колдонулбаган ээн тамгасы (пломбалары) табылган. Ал ээн тамгалар (пломбалар ГСМ )  мунай заттарды ташуу үчүн каралган салык органы тарабынан берилүүчү каражат. Аймактык инспекторлор бөлүнгөн аймагына жараша ээн тамганы (пломбаны)  сактоого, колдонууга жана эсебин алууга жооптуу», —деп билдирди Финансы полициясынан. 

Ушул эле маалда май куючу станциялар жана нефти базалар күн сайын кирген жана чыккан  мунай заттары  тууралуу (ГСМ) аймактык салык кызматына билдирип, текшерүү үчүн контролдук пломба коюлушу шарт. 

Жогорудагы  ЖЧК компанияда мунай заттарды коштоп жүрүүчү бош, толтурулбаган салык бланкалары, Ош салык кызматынын мөөрү  басылып турган документтер алынган.  Ош МСК кызматынын айрым кызматкерлери бул ишкер менен биргеликте мамлекеттин казынасына зыян келтирип, кызматтык абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышкан.

Жогорудагы  факт 12-июнда өзүнчө  өндүрүшкө алынып, Бирдиктүү реестрге 320-берене «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу»   боюнча кине коюлду. 

Сотко чейинки териштирүү  маалында  2-июлда Ош шаарын МСК шаардык салык кызматы боюнча бөлүмүнүн башчысы КР Кылмыш жаза кодексинин  98 беренесине ылайык кармалып, Бишкек шаардык ИИБ убактылуу камоочу жайында кармалууда.  Салыкчыга КР Кылмыш кодексинин  320  беренесинин  2-бөлүгү  боюнча айып коюлууда.

«Жалил Атамбаевдин жана анын туугандарына тииешелүү  башка компанияларын да дагы текшерүү иштери уланууда», — билдирди финансы полициясы.  

 

Тэги: налоги предприниматель Жалил Атамбаев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу