Кыргызстандын региондорунда кластерлерди өнүктүрүүгө жана суу менен камсыздоону жакшыртууга дагы 42,6 млн доллар бөлүнөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Каржы министри Алмаз Бакетаев Вашингтонго (АКШ) жумушчу сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун жылдык жыйындарында эл аралык өнүктүрүү институттарынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Белгиленгендей, иш сапардын негизги максаты Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун илгерилетүү болду, аны ишке ашыруу Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалын бир топ жогорулатат.
Жолугушуулардын алкагында Бакетаев жалпы суммасы 42,64 млн долларды түзгөн эки келишимге кол койду: