Улуттук банктын алтын түрүндөгү активдери 97,5%га өстү

21.08.2023, 16:11 Акчабар
Улуттук банктын алтын түрүндөгү активдери 97,5%га өстү

Улуттук банктын алтын түрүндөгү активдеринин көлөмү 97,5%га өстү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Алсак, алтын түрүндөгү активдер 2023-жылдын 31-июлуна карата 94 миллиард 422 миллион 829 миң сомго бааланган (2022-жылдын ушул эле мезгилинде бул сумма 47 миллиард 791 миллион 762 миң сомду түзгөн).

Өз кезегинде монетардык эмес алтындын көлөмү жана алтындагы запастар былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 57%га жогорулап, 159 млрд 145 млн 825 миң сомго жеткен.

Тэги: экономика новости Кыргызстана золото активы НБ КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу