Кыргызстанда март айынын башынан бери дизель майы 70,97 сомдон 71,44 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Күйүүчү майдын баасы эң көп Жумгал районунун Чаек айылында (+0,86 сом) жана Балыкчы шаарында (+0,83 сом) кымбаттаган.
Бүгүнкү күндө дизелдик майдын баасы эң көп Раззаков (73,45 сом) менен Ноокатта (72,5 сом) кымбат, ал эми эң арзаны Талас (67,8 сом) облусунда.