Президент Садыр Жапаров кол койгон документке ылайык, Улан Жамалидинов Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөсү кызматынан бошотулду. Ал кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.
Ички иштер органдарында каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим алуу максатында опузалап акча талап кылган укук коргоочу Н.Д.М. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Салык кызматы Чүй облусунун Жайыл районунда жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө контрафакттык алкоголдук продукцияларды жашыруун өндүргөн цехти аныктады. Бул тууралуу аталган кызмат билдирди.