BAKAI Кыргызстанда алгачкылардан болуп жеке жактар үчүн Visa Direct Account & Wallet сервисин толугу менен онлайн форматта – түздөн-түз BAKAI мобилдик тиркемесинде ишке киргизди. Инновациялык чечимди ишке ашырганы үчүн банк эл аралык Visa төлөм системасынан атайын сыйлык алды.
Каракол шаарында эл аралык деңгээлдеги “Relax-Inn” мейманкана комплексин куруу боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.
Бишкекте мыйзамдуу жана коопсуз миграция боюнча маалымат бере турган мигранттар үчүн ресурстук борбор ачылды. Ал Европа Биримдигинин колдоосу менен ICMPD тарабынан ишке ашырылып жаткан “PROTECT” долбоорунун алкагында түзүлдү.