Өкмөт мектептерде акча чогултууга тыюу салды

04.10.2023, 17:00 Акчабар
Өкмөт мектептерде акча чогултууга тыюу салды

Өкмөт мектептерде акча чогултууга тыюу салды. Тиешелүү токтомго ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринде каражат топтоого болбойт.

Документте мыйзамсыз акча чогултууга жол бергендер жоопкерчиликке тартылары эскертилген.

Ал эми мамлекеттик билим берүүчү жайларды оңдоо, кайтаруу жана керектүү буюмдарды сатып алуу үчүн чыгымдарды толук жабууга Каржы министрлиги жооп берет. Мындан тышкары жергиликтүү бийликке, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына муниципалдык окуу жайлардын чыгымдары үчүн жыл сайын каражат бөлүү милдеттендирилди.

Тэги: мектеп акча чогултуу тыюу токтом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу