Кыргызстанда жыл өткөн сайын үй салуу кыйындады

05.10.2023, 11:45 Акчабар
Кыргызстанда жыл өткөн сайын үй салуу кыйындады

2022-жылга караганда 2023-жылы Кыргызстанда бир чарчы метр жер тилкеге үй салуунун орточо баасы жогорулады. Ал 2021-жылы 16,1 миң сомду, 2018-жылы 15 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин баяндамасында жазылган. 

Баяндамага ылайык, 2022-жылы Кыргызстанда жеке турак жайлардын жалпы аянтынын бир чарчы метринин орточо баасы 16,6 миң сомду түздү.

Эң кымбат жеке турак-жайлар Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында курулууда. Бул турак-жайлардын чарчы метринин орточо баасы 30,4 миң сомго жетет. Бул Кыргызстан боюнча курулуштун орточо наркынан 1,8 эсе жогору. 

Ал эми турак-жай куруу үчүн кыйла арзан шарттар Нарын облусунда (1 чарчы метрге 11 миң сом), Баткен облусунда (1 чарчы метрге 12,4 миң сом) жана Ош шаарында (1 чарчы метрге 11,4 миң сом) каралган.

 

Тэги: үй салуу турак жай кымбатчылык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу