«Кыргызтелеком» ААК телекоммуникациялык жабдыктарын (GPON) сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталынын материалдарында айтылат.
Тендердик документацияга ылайык, жабдыктарга 13 млн 382 миң 227 сом коротуу пландалууда:
-№1-лот- GPON жабдыгы (мониторинг) – 917 миң сом;
№2-лот- GPON жабдыгы (шлюз)- 350 миң сом;
№3-лот-GPON жабдыгы (А-В-С чекити)- 12 млн 115 миң 227 сом;
Сатып алуунун методу- бир этаптуу;
Сынакка билдирүүлөрдү тапшыруу мөөнөтү- 2020-жылдын 6-марты;
Билдирүүнүн жаряланган күнү 2020-жылдын 21-февралы.