Нью-Йорктогу бир айлык ижара акысы Бишкекте тогуз айга жетет

03.04.2024, 13:09 Акчабар
Нью-Йорктогу бир айлык ижара акысы Бишкекте тогуз айга жетет

29-мартка карата Бишкектин борборундагы бир бөлмөлүү батирдин ижарасы Numbeo аналитиктеринин эсеби боюнча 459,8 долларды түздү. Бишкек шаары 389 шаардын ичинен 293-орунда турат. 

Рейтингге ылайык, дүйнөдөгү эң кымбат шаар Нью-Йорк. Шаардын борборундагы бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы 4 миң 112 доллар. Андан кийин Бермудадагы Гамильтон жана АКШдагы Бруклин шаарлары турат. 

КМШда Ереван наркы боюнча биринчи орунду ээлейт: шаардын борборундагы бир бөлмөлүү турак жай айына орточо 973,9 долларды түзөт. Москва ижара баасы боюнча экинчи орунда (844,9 доллар). Коңшу Алматы шаардын борборундагы ижара баасы боюнча үчүнчү орунда турат. 

Каралып жаткан шаарлардын ичинен КМШда батирди ижарага алуунун эң арзан баасы Челябинск шаарында болгон: 191,2 долларды түзөт. Ал эми дүйнө жүзү боюнча эң арзан ижара акысы Пакистандын Равалпинди шаары болуп эсептелет. Бул аймакта бир бөлмөлүү батир 81 доллар. 

Тэги: аренда жилья Бишкек Нью Йорк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу