Кыргызстандын салык кызматы 10 айда 31 миллиард 147 миллион сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 687 миллион сомго, же 2,3 процентке ашык аткарылды. Бул тууралуу Каржы министрлигине караштуу Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 4 миллиард 881,3 миллион сомго көп чогултулган. Өсүү темпи 118,6% түздү.