Өзбекстан өлкөнүн аймагында Google, Facebook жанаYandex серверлерин жайгаштыруу боюнча аталган ишканалар менен сүйлөшүүлөрдү алып барат. Бул тууралуу Өзбекстандын Маалыматтык технологияларды жана коммуникацияларды өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Google жана Yandex шканаларынын сервистерин Өзбекстан Республикасынын аймагына жайгаштыруу интернет колдонуучуларына алар тартуулаган аудио, видео, программалык камсыздоо жана контенттин башка түрлөрүн көчүрүүдө ылдамдыктын жогорулашына өбөлгө түзөт.
Маалыматтык технологияларды жана коммуникацияны өнүктүрүү министринин орун басары Олимжон Умаровдун айтымында, аталган ишаналардын сервистерин Өзбекстандын аймагына жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүүлөр жүргүзүлөт. Интернет сервистерин тартуулаган дүйнөлүк ишканалар менен кызматташууда сервердик жабдыктарын жана көптөгөн сервистерин локалдаштыруу боюнча иш жүргүзүлөт.
Ошондой эле Умаровдун айтымында, колдонуучулардын муктаждыктары үчүн интернеттин ылдамдыгын 10 эсеге жогорулатуу пландалууда, ал үчүн өткөрүмдүүлүгү жогору телекоммуникациялык тутумдар колдонулат. Аны менен, калк үчүн болгон интернеттин ылдамдыгы 10-100 Мбит/с болсо, ишканалар жана уюмдар үчүн 100-1000 Мбит/с жетет. Андан сырткары Эл аралык коммутация борборлорунун баштыктарынын өткөрүмдүүлүгүн 2,5 эсеге көбөйтүп, эл аралык тармактарга болгон жеткиликтүүлүгүн 1200-3000 Гбит/с жеткирүү пландалууда.