2021-жылдын март айында Amazon онлайн сатуучу компаниясынын кирешеси 106 миллиард долларга жетиши мүмкүн. Мындай көрсөткүч компаниянын тарыхында биринчи жолу болот. Компания өзү сатуу көлөмүнүн 44% га жогорулагандыгын билдирди.
[жаңылыктар 31982]
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын акыркы чейрегинде сатуу көлөмү 125,6 миллиард долларга чейин өскөн. Бир жыл ичинде киреше 38% га өсүп, 386,1 миллиард долларды түзгөн, 2019-жылга салыштырмалуу киреше 106 миллиард долларга көбөйгөн.
Компаниянын жалпы капиталдаштырылышы 1,7 триллион долларга бааланган.