Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-07-10, 14:52

Садыр Жапаров иш сапары менен Орусияга кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Орусияга жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында төмөнкүлөр бар:

- министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Кыргызстандын КМШ иштери боюнча улуттук координатору Адылбек Касымалиев;

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

-президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев;
-президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков.

Маалыматка ылайык, КМШнын Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.


Тектеш материалды окуу