Таджикстанда 27-марттан тарта Монополияга каршы кызматынын «Электр байланышы тууралуу тарифтери» тууралуу буйругу күчүнө кирип, уюлдук байланыштардын түйүн ичиндеги бир минуттук баасы 10 дирам болот. Бул кыргыз 0.74 сомуна барабар.
«Өлкөдөгү баардык уюлдук операторлордун түйүн ичиндеги баасы (бир гана «Таджиктелеком» ААК башкасынын) баасын бир минутага 10 дирам (түз салыксыз) эсептелсин» — деп жазылган документте.
Буга чейин бир минуталык сүйлөшү түйүн ичинде 1 дирам турчу деп жазат «Яндекс Дзен» басылмасы, жергиликтүү уюлдук операторго таянып.
«Эгерде мурда Таджикстандагы уюлдук операторлордун түйүн ичндеги сүйлөшүүсү 1 дирам ( ар кайсыл операторлордо 0.7 дан 1.2 дирамга чейин болсо ), азыр эми ал 10 дирамдан (0.10 сомони салыксыз эсептелип ) кем болбошу керек. А эгер 18% КНС жана 5% акцизди кошсок— анда 12.3 дирамга чыгат»— деп билдирген компанияда.
Тарифтердин жогорулашы лимитсиз түйүн ичнде сүйлөшүү линейкасына дагы каралган.
Мындан тышкары, буйрук эми сетаралык чалууларга дагы таасир этет. Операторлор ортосундагы сүйлөшүүлөр салыгы менен 25 дирамга чыгышы күтүлүүдө. буга чейин минималдуу чек болгон эмес. Интернет дагы кымбаттайт. Бул жолу алардын баасы эки эсе жогорулайт.