Баткенде сот аткаруучу пара алып кармалды (тасма)

25.07.2019, 09:45 Акчабар
Баткенде сот аткаруучу пара алып кармалды (тасма)

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын улук сот аткаруучусу пара менен кармалды. Аны Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат 23-июлдагы атайын операцияда колго түшүргөн. Бул тууралуу Финансы полициясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык сот аткаруучулар бөлүмүнүн улук сот аткаруучусу 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

Ага каршы “М.С” аттуу жаран кайрылып, сот аткаруучу соттун чечими менен камактан чыгарылган кыймылсыз мүлктүн 10 пайыз үлүшүн (18 600 сом) талап кылганын, андан тышкары дагы 10 миң сом мыйзамсыз сураганын айтып, арызданган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-пункту (опузалап пара алуу) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.  Учурда пара талап кылган сот аткаруучу Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тэги: взятка Финпол Баткенская область

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу