Талды-Булак-Сол жээк алтын кенинин ишиндеги маселелер талкууланды

03.03.2022, 11:41 Акчабар
Талды-Булак-Сол жээк алтын кенинин ишиндеги маселелер талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Zijin Mining" кытай корпорациясынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Талды-Булак-Сол жээк алтын кенинин ишиндеги актуалдуу маселелер, ошондой эле инвестициялык кызматташуу маселелери талкууланды.

Белгилесек, жыйынга «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун жана "Алтынкен" жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги да катышты.

Айта кетсек, 2011-жылдан тарта "Zijin Mining" тоо-кен корпорациясынын туунду компаниясы саналган "Supurb Pacific Ltd" компаниясы "Алтынкен" ЖЧК уставдык капиталынын 60% үлүшүнө ээ. 

Бул кендеги алтындын болжолдуу запасы 78 тоннаны түзөт. Мында алтын менен катар күмүш, жез алынат.

Тэги: Талды-Булак-Сол жээк Алтын кен

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу