Улукбек Кочкоров кызматынан бошотулду

28.10.2020, 09:15 Акчабар
Улукбек Кочкоров кызматынан бошотулду

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. 

Маалыматка ылайык, Улукбек Кочкоров кызматтан кетүү тууралуу өз ыктыяры менен арыз жазган. 

 

Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө жана  «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тууралуу» Конституциялык мыйзамынын 24- беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык, Кочкоров Улукбек Тойчубаевичтин өзү жазган арызынын негизинде кызматынан кетүү жөнүндө өтүнүчү кабыл алынды жана ал Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду. 

Тэги: Улукбек Кочкоров кызматтан бошотулду

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу