Улуттук банктын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 8,8 миң төлөм терминалдары бар. Бир жылдын ичинде алардын саны 1,1 эсеге көбөйгөн.
Маалым болгондой, 2021-жылдын 1-апрелине карата 21 юридикалык жакта Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиялары болгон, анын ичинен: 19 лицензия - төлөм системасынын операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугу үчүн жана 21 лицензия - төлөм уюмунун ишин жүзөгө ашыруу укугу үчүн берилген.
"Төлөм уюмдарынын иши автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалдары (cash-in), агенттер тармагы жана электрондук акчаны колдонуу аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алууга негизделген", - деп билдирди Улуттук банк.
Отчеттук мезгил ичинде, төлөм системасынын операторлору / төлөм уюмдары аркылуу жалпы суммасы 16,9 млрд сомду түзгөн 35,6 млн транзакция жүргүзүлгөн.