Ысык-Көл облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылына таза суу түтүгүн курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды.
Тендердин жалпы суммасы 142,8 млн сомду түзөт.
Бул акчага суу алуучу жайларды, ошондой эле суу сактагычтарды куруу пландалууда.