Таласта билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери 11 млн сомду кымырып алган

06.03.2024, 09:12 Акчабар
Таласта билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери 11 млн сомду кымырып алган

УКМК тарабынан Талас облусунун Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлерине козголгон кылмыш иши боюнча мамлекеттик бюджетке 11 млн сом кайтарылды. 

Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, бөлүмдүн айрым кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, мектеп жана бала бакча кызматкерлеринин эсебине мыйзамсыз түрдө аванс катары акча которгондугу аныкталган. 

“Эсеп палатасынын аудитордук корутундусуна ылайык, мыйзамсыз которулган акчанын суммасы 11 млн сомду түздү. Акча мамлекетке кайтарылды” - деп билдирди УКМК. 

Бул факты боюнча Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси К.Б.Т, башкы эсепчиси Ч.Н.У ээлеген кызматынан бошотулду. Башка тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө иштери улантылууда. 

Тэги: новости Кыргызстана присвоение денег возмещение ущерба

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу