Akchabarsearch
Кыргызстандын банк сектору бир жылда кандай өзгөрдү?

Жарыяланган

2024-09-10, 14:49

Кыргызстандын банк сектору бир жылда кандай өзгөрдү?

Кыргызстандын банк сектору өнүгүүдө. Быйыл 31-августка карата өлкөдө 21 коммерциялык банк жана алардын 305 филиалы иштегендиги айтылган. Банктардын активдери көбөйдү, ошондой эле кредиттөө көлөмүнүн өсүшү байкалды, ошол эле учурда долларлашуунун деңгээли төмөндөөдө. Ислам принциптери боюнча каржылоо да оң динамикаларды көрсөттү.  

Активдердин жана кирешенин көлөмү өстү

2024-жылдын башынан бери банктардын активдери 20,1%га өсүп, 737,7 млрд сомго жетти. Бул 2023-жылдын акырына салыштырмалуу 123,4 миллиардга көп. Ал эми банктардын таза кирешеси 21,3 миллиард сомду түздү.

Банк секторунун капиталы жыл башынан бери 14%га өсүп, 121,1 млрд сомго жетти. Капиталга чет өлкөлүк катышуу 21,3%ды же 16,2 млрд сомду түздү, бул дагы 2023-жылдын акырына салыштырмалуу жогору, бул үлүш 20,3%ды (12,2 млрд сом) түзгөн.

Банк тутумунун капиталынын шайкештигинин коэффициенти 23,9%ды түздү, бул 12% ченемдик деңгээлден кыйла жогору, бирок өткөн жылдын акырындагы деңгээлден (24,8%) бир аз төмөн.

Бирок “левараждын” коэффициенти (карыздык жана өздүк каражаттардын катышы же суммардык милдеттенмелердин жана узак мөөнөттүү карыз алуулардын акционердик капиталга карата катышы) 6% нормага каршы 12,6%га чейин өскөн.

Мында банк тутумунун ликвиддүүлүгү жогорку деңгээлде сакталып турат - 78,3%, бул 45% ченеминен ашат. Банк секторунун кирешелүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү да жакшырууда. Активдердин кирешелүүлүгү (ROA — бизнестин кирешесинин анын активдеринин наркына катышы) 2023-жылдын аягындагы 4,4%га салыштырмалуу 4,7% түздү. Капиталдын кирешелүүлүгү (ROE) да өткөн жылдагы 32,4%га салыштырмалуу 33,4% га өстү.

Айта кетсек, ИДПга карата активдердин үлүшү 55,8%га жеткен. Бул 2023-жылдын акырына карата 50% жогору.

Насыялар жана депозиттер

Банк секторунун кардарларынын жалпы депозиттик базасы 2024-жылдын август айынын акырына карата 528,6 млрд сомду түздү, бул 2023-жылдын акырына карата 431,3 млрд сомго караганда бир кыйла көп. 2024-жылдын башынан бери депозиттер 22,5%га өстү.

2024-жылдын август айынын аягында Кыргызстандагы банктардын кредит портфели да өсүштү көрсөттү. Ал 295 миллиард сомго жетип, былтыркы жылдын аягына салыштырмалуу (257,8 миллиард сом) 14,4%га өскөн. Мында берилген кредиттердин көлөмү ИДПнын 22,3% түздү, 2023-жылдын аягында бул көрсөткүч 21%ды түзгөн.

Анын ичинен өнөр жай тармагында кредиттердин көлөмү 4,7%га азайып, 12,8 млрд сомго жеткен, ал эми айыл чарбасында кредиттер 11,5%га өсүп, 47 млрд сомго жеткен. 
Соода тармагына 77,6 миллиард сом кредит берилген, бул мурдагыга караганда 4,8%га көп.

Курулуш олуттуу өсүштү көрсөттү – кредиттердин көлөмү 13,2%га, 13,4 млрд сомго чейин өстү. Ипотекалык кредиттер да 14,5%га көбөйүп, 34,4 млрд сомго, ал эми керектөө кредиттери эң көп өсүш 38,3%га, 77,2 млрд сомго жеткен. Кредиттин башка түрлөрү да 6,8%га өсүп, 32,5 млрд. 

Мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер 11,7%га (7,2 млрд. сомго) көбөйдү, бул жалпы кредит портфелинин 2,4%ын түзөт. Жалпысынан көйгөйлүү кредиттердин үлүшү 12,1%ды, же 35,6 млрд сомду түздү. Бул мурункуга караганда - 2023-жылдын акырына карата 9,2%га (23,8 млрд сом) көп.

Банк секторунда долларлашуу деңгээли төмөндөөнү улантууда. Чет өлкө валютасында берилген кредиттердин үлүшү 20,4%ды түздү, бул 2024-жылдын башына салыштырмалуу 1,6 пайыздык пунктка аз. Депозиттик база да долларлашуунун төмөндөшүн көрсөтүп, 42,4%га төмөндөгөн, бул жыл башындагыдан 3,2 пайыздык пунктка аз.

Исламдык каржылоонун өнүгүшү

2024-жылдын башынан бери Кыргызстанда ислам принциптери боюнча каржылоонун көлөмү 11,2%га өсүп, 6,7 млрд сомду түздү.

Бул өсүш ар кайсы тармактарда ар кандай көрүндү. Өнөр жайда каржылоо 100 пайызга өсүп, 300 миллион сомго, айыл чарбасында 61,5 пайызга өсүп, 1 миллиард сомду түздү.

Сооданы каржылоонун көлөмү 12,4%га өсүп, 800 млн сомго, курулушта 8,8%га өсүп, 500 млн сомго жетти. Ипотекалык каржылоо олуттуу өсүштү көрсөттү – 83%га, 1,9 млрд сомго чейин, ал эми керектөөчүлүк каржылоо 47,8%га төмөндөп, 1,3 млрд сомду түзгөн.

“Башка максаттарга” 800 млн сом алынган, бул былтыркыдан 77,5%га көп. Ислам принциптери боюнча мөөнөтү өтүп кеткен каржылоонун көлөмү да 63,6%га, 400 млн сомго чейин өстү, бул исламдык каржылоонун жалпы көлөмүнүн 1,7%ын түзөт.


Тектеш материалды окуу

  • Шайлоодо үгүтчүлөргө акы төлөө: Талапкерлер эмнени билиши керек?

    Кыргызстанда 30-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жакындап, талапкерлердин шайлоо өнөктүгүн уюшкандыкта жана ачык-айкын өткөрүү мезгили келди. Кампаниянын негизги маселелеринин бири - анын каржылануусу жана шайлоочулар менен байланышты камсыздаган агитаторлордун эмгек акысы болуп саналат.
    2025-25-11 04:43:50
  • Улуттук банк банктардын тарифтерин жана комиссияларын көзөмөлдөгүсү келет

    Кыргызстандын Улуттук банкы банктардын жана төлөм кызматтарынын тарифтерин жөнгө салган эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Эгер документ кабыл алынса, банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана төлөм сервистерине кредиттерге жогору пайыздык чендерди жана жашыруун комиссияларды коюу кыйла татаал болот
    2025-28-10 03:14:24
  • Кыргызстандагы жаңы «Алма Финанс Банктын» артында кытайлык бизнес-конгломерат турат

    Бишкекте “Алма Финанс Банк” ЖАК деп аталган жаңы каржы мекемеси каттоодон өттү. Улуттук банк анын түзүлүшүнө уруксат берди, бирок рынокко чыгыш үчүн банк жөнгө салуучудан лицензия алышы керек. Бир караганда, бул банк секторунун кадимки экспансиясы болуп көрүнөт.
    2025-17-09 14:00:44
  • Валюталык пайданын алтын доору аяктады: банктардын кирешеси 2 млрд сомго кыскарды

    Кыргызстандык банктардын январь-июль айларына карата каржылык отчеттору чет элдик валюта менен жүргүзүлгөн операциялардан түшкөн кирешенин азайганын көрсөтүп жатат. Бул киреше 2 миллиард сомдон ашык суммага кыскарып, 17,9 миллиард сомду түздү. Бир-эки жыл мурун ишенимдүү киреше булагы болуп эсептелген бул тармак бүгүнкү күндө банктардын каржылык туруктуулугунун кепилдиги болбой калууда
    2025-15-09 06:53:03