Akchabarsearch
Кыргызстандын криптосектору жүгүртүү көлөмү боюнча классикалык баалуу кагаздар рыногун артта калтырды
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2025-28-08, 14:55

Кыргызстандын криптосектору жүгүртүү көлөмү боюнча классикалык баалуу кагаздар рыногун артта калтырды

2024-жылы Кыргызстандын каржы рыногунда санариптик активдерге карай кескин бурулуш болду. Расмий маалыматтарга ылайык, криптовалюта алмашуу пункттары (криптообменник) менен криптобиржалардын жүгүртүүсү 587,3 миллиард сомго жетип, бул көрсөткүч классикалык баалуу кагаздар рыногунун, анын ичинде биржалык жана биржадан тышкаркы соодалардын жалпы жүгүртүүсүнөн (226,8 миллиард сом) дээрлик 2,5 эсе көп болду.

Салыштыруу үчүн айтсак, болгону эки жыл мурун — 2022-жылы виртуалдык активдер сектору өлкө экономикасына дээрлик эч кандай таасир тийгизген эмес. Анын жылдык жүгүртүүсү болгону 5,2 миллиард сомго араң жеткен. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 100 эседен ашык көбөйүп, Кыргызстанды криптовалюталарды каржы системасына интеграциялоодо аймактык үлгү болгон өлкөгө айлантты.

Бул көрсөткүчтөрдүн фонунда баалуу кагаздар рыногундагы рекорддук өсүш — 2023-жылы 52 миллиард сомдон 2024-жылы 226,8 миллиард сомго жеткени — салыштырмалуу жөнөкөй көрүнөт.

Негизги жүгүртүүнү криптовалюта алмашуу пункттары камсыздап жатышат. 2024-жылдын аягына карата алардын саны 129га жеткен, бул мурунку жылдагы көрсөткүчтөн (64) эки эсе көп. Криптобиржалардын саны да көбөйүп, 3төн 8ге жетти. Бирок алар жүгүртүүнүн жалпы көлөмүндө чакан үлүштү гана ээлейт — болгону 3,6 пайыз же 21,1 миллиард сом. Ошого карабастан, бул көрсөткүч дагы эле 2023-жылдагыдан (11,6 миллиард сом) дээрлик эки эсе жогору.

Бүгүнкү күндө Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын реестрине 13 криптобиржа расмий катталган. Анын ичинде Финансы министрлиги тарабынан түзүлгөн мамлекеттик платформа — Коин Номад Эксчейндж бар. Лицензиясы бар криптобиржалардын толук тизмеси төмөнкүдөй:

  • "Жакшы Заман" (ЖАК)
  • "Коин Номад Эксчейндж" (ААК)
  • "Онли Файненс" (ЖАК)
  • "ТенгриКоин" (ЖАК)
  • "Прайм Эксчейндж" (ЖАК)
  • "Современные цифровые технологии" (ЖАК)
  • "БитРуби" (ААК)
  • "ТокенСпот" (ЖАК)
  • "ЭксПрайм" (ААК)
  • "Азимут Капитал" (ЖАК)
  • "Биатекс" (ЖАК)
  • "Биткор" (ЖАК)
  • "Енвойс вижион диджитал эксчейндж" (ААК)

Виртуалдык активдер секторунун өсүшү рыноктун кесипкөй катышуучуларына гана эмес, мамлекетке да киреше алып келет. 2024-жылы криптоиндустриядан түшкөн салыктар жалпысы 227 миллион сомду түздү. Анын ичинен 125 миллион сом (+71% 2023-жылга салыштырмалуу) виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрүнөн түшкөн, ал эми 102 миллион сом майнерлерден келген. Реестрде криптовалютага адистешкен 11 компания катталган.

Криптовалюта рыногу өсүп жатканын Кыргызстанда гана эмес, бүткүл дүйнөдө байкоого болот. Бул тенденция үч жылдан бери уланууда. Мындан тышкары, криптовалюта рыногу менен реалдуу сектор акырындык менен интеграцияланып жатат. Криптовалютадан реалдуу секторго өтүү жана кайра криптовалютага кайтуу азыр кадимки көрүнүш болуп калды. Америкалык фондулук рынокторду да камтыган фондулук рыноктордо тиешелүү баалуу кагаздар бар”, — дейт EVDE уюмунун төрагасы Алмаз Шабданов.

Анын айтымында, консервативдүү Москванын биржасында да биткоин боюнча узак мөөнөттүү фьючерс келишимдери пайда болуп, бул криптовалюталарды реалдуу экономикага инвестициялоо жана тартуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.

"Бул багытты Кыргызстанда өнүктүрүү үчүн максаттуу аракеттерге, стратегиялык жана тактикалык пландоого муктажбыз, анткени криптовалюта рыногу аркылуу инвестициялар чындап эле туруктуу өсүштү камсыз кылышы керек", — деп кошумчалады Алмаз Шабданов.


Тектеш материалды окуу

  • Банк секторунун кирешеси үч ири оюнчунун ортосунда топтолду

    Июль айында Кыргызстандын банктарынын таза кирешеси 18,86 миллиард сомду түздү. Сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 492,5 млн сомго көбөйгөн. Бирок кирешенин негизги бөлүгү үч банк – “Айыл Банк”, “Мбанк” жана “Элдик Банкта” топтолгон
    2025-25-08 03:19:42
  • Кыргыз банктарына киберкоопсуздук жетишпейт: ар бир экинчи сайт хакердик чабуулга алсыз

    Кыргызстандын банк секторунун санариптик абалына “жарака кетти”. Digital Resilience Association (DRA) жана TSARKA Kyrgyzstan тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, өлкөдөгү банктар менен микрофинансылык уюмдардын дээрлик жарымынын веб-сайттарында коопсуздуктун тынчсыздандырган деңгээли аныкталган
    2025-03-07 05:51:21
  • Кыргызстандагы банктар акча алмаштыруучу жайга айлануудабы?

    Акыркы беш жылда валюталык операциялар Кыргызстандын банктары үчүн негизги киреше булактарынын бирине айланды. Эгерде 2019-жылы алар банк системасынын жалпы кирешесинин болгону 4% тегерегин түзсө, 2024-жылы бул көрсөткүч 12.07%ке чейин өсүп, 33.3 миллиард сомду түздү. Чет өлкөлүк валюта менен операциялардан түшкөн киреше 19 эседен ашык көбөйдү.
    2025-18-06 06:34:01
  • QR-код колдонуу менен жүргүзүлгөн төлөмдөр рекорддук деңгээлге жетти

    Кыргызстан санариптик келечекке ишенимдүү кадам таштоодо: банкноттордун ордуна — смартфон, майда акчанын ордуна — QR-коддор. Накталай эмес операциялардын тез өсүшүнүн артында финансылык системанын ачыктыгына жана жеткиликтүүлүгүнө багытталган Улуттук банктын стратегиясы турат
    2025-17-06 08:06:46